Жанылыктар

Эки сүйлɵгɵн Жээнчороев желпингеде

Бети жоктуктун бийик үлгүсүн кɵрсɵткɵн Мирлан Жээнчороев коомчулуктан ийменип койбостон, абийирине каршы балта чаап, шайлоо босогосун 9%дан 5 пайызга түшүрүү демилгесин коомдук талкууга койду. Биз таң калып бүтɵ албай олтурабыз. Дегенибиз, мындан эки жыл мурун, 2017-жылдын май айында, ушул Мирлан Жээнчороев шайлоо босогосун 9%га кɵтɵрүүнү демилгелеп: «Бүгүнкү күндɵ Кыргызстанда 200дɵн ашуун партия бар, аларды бириктирүүчү идеология жок. Босогону 9%га чейин жогорулатуу — лидерлердин диалогуна жана экономикалык туруктуулукка алып келет»-деп табактай бетин бүлкүлдɵтүп, анысын мыйзамдаштырган. Эми эки жыл ɵтɵ электе эски сɵзүн унутуп, «Шайлоо босогосу канчалык жогору болсо, түрдүү саясий партиялардын тобу «кɵчɵдɵ» калат да, алар ɵлкɵдɵ саясий кырдаалды туруктуу жолунан тайдыруу коркунучун жаратып, элди митингдерге алып чыгууга жɵндɵмдүү болот» деген негиздеменин алдында мыйзам жазыптыр. Бул жүрүшү менен Жээнчороев элди таптакыр ойлобой эле «дɵɵрүп» коерун, принциби жок бир кɵр пенде экенин тастыктады да.

«Де Факто»

Похожие новости

Бачабаздарга күнү түшкөн Атамбаев…

Админ

Аалы Карашевди «атамекенчи» депутат Н. Никитенко кантип «жетелеп» алган?

Админ

Атамбаевдин жарчысы Асель Оторбаева, же медиа тармагындагы коррупция

Админ

Комментарии калтыруу