3 C
Бишкек
18.11.2019
Жаңырык

Руслан Казакбаев досу Өмүрбек Бабановду аңга түртө бергенден чарчабайбы?

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев ɵткɵн жекшемби 6-октябрь күнү уулун үйлөнтүп, той берди. Той эмес, эки жаштын бактысы эмес, элди бул тойго келген мурдагы-кийинки аткаминерлер, «оппозиция-пропозиция» болуп жүргөндөр, түрмөдөн жаңы чыккандар, түрмөдө отургандардын бала-чакасы, миллионерлери, деги койчу, «саясий бомонддун» жүргөнү кызыктырды. Жаңыдан баш кошокн жаштарга кызыгып койгон деле жан болбогондой. Анткени, алардын жеке жашоосундагы эсинде кала турган жакшы күн Казакбаевдин калпыс кадамы менен саясий аянтчага айланды да калды.
Казакбаевдин тойго жеңеси Раиса жана Кадыр Атамбаевди чакырганы го түшүнүктүү. ЩДегенибиз, Руслан Айтбаевич Алмазбек Атамбаев бийликте турганда анын кареги менен тең айланып келгенин ɵзү деле танбайт. Кийин Атамбаевдин Кой-Таштан чыккан демилгелерин ачык да, азыркы бийлик билип калбасын деп, көмүскө да колдоп келгенин жакшы билебиз. Ал жүрүшү менен азыркы бийлик менен тил табыша албай келген досу Бабановду “подстава” кылып келгени жашыруун эмес да.
Ал го ал, мейли. А бирок Раиса менен Кадырды чакырарын чакырып, кире беришке, башкача айтканда улагага отургузуп койгону эмнеси? Жетим козудай кылып. Же эмне салтты, наркты билген Айтбаевич, тɵр менен улага каяк экенин билбейби? Дипломатия жаатында такымын жеген Казакбаев ошентип Атамбаевдин жакындарына “не дипломатичный” мамиле кылып койду. Атамбаев түрмөгө отуруп, керектен чыгып калса, үй-бүлөсүнө ушундай мамиле кылып калабы? Анда чакырбай эле койбойбу! Ансыз да ал экөөн көргөн бир катар меймандары “үркүп” кеткенин көргөндөр саймедиреп жатат.
Ошентип, башы көрүнгөн кыргыз элитасынын башын бириктирип биздин ким экенибизди кɵргɵзүп коебуз. Керек болсо азыркы ажого сес көрсөтүп, биздин кимдер менен табакташ экенибизди тастыктап коебуз деген той ээлеринин тилеги таш капты. Той текскери эффект берди. Эл: “богу-жини аралашкан кыргыз саясатынын жүзүнө” итиркейи келип, күйөрмандары өз лидерлерин “принципсизби” деп күмөн санап турган кези. Келин алуу тоюна Руслан Казакбаев болгон саясатчыларды чакырып Ɵмүрбек Бабановго баарлашуучу аянтча түзүп берем деген максатына жете алган жок. Тескерисинче Бабановду дагы бир ирет «подстава» кылып койгонун ɵзү да сезбей калды десек жаңылышпайбыз.
Ошентип, өлкөдө жаш саясатчыларга, жаңы жүздɵргɵ болгон таңкыстык ансайын күчөп турган кези. “Той саясатка айланган жери жок. Саясатты азыр тойго айландырып жиберишти. Кыргызда азыр бүт бардыгынын богу-жини аралашып бүткөн. Азыр эми кууганы дагы, качканы дагы бирге жүрөт. Соттогону дагы, соттолгону дагы чогуу бир үстөлдө отурат. Туруктуу принциби бар оппозициялык саясатчы калган жок. Кечээ сени отургузган адам менен бирге дастаркондо отуруп, калп эле тилек айткан болуп, күлүп-жайнап отурган нерсе — жасалмалуулук эмей эмне? Ошентип тойго бирин-бири алдоо үчүн барат. Элдин көзүнчө бири-бирине жылмаңдашып, жакшы көрүнүш үчүн бардыгы жасалма болушат. Ошондуктан мен мына ошондой жерлерден чарчайм. Көп отура албайм. Негизи мен ошондуктан мына ошондой аш-тойлорго көп эле бара бербейм”, — деп маек берген Адахам Мадумаровду карасак, ал деле эмнегедир бул тойдо шаңдуу, ичип-жеп, жакшы эле отурду. Эми акыл үйрɵтүп бакылдаган менен Мадумаров деле пенде да…
Аман Иманалиев

Окшош жанылыктар

Атамбаев Дамир Мусакеевди алдап кетти  

Админ

Кыргызстанда уранды изилдөөгө жана иштетүүгө тыюу салынды

Админ

Исхак Масалиев, Депутат ЖК: “Его партия не боролась за своего лидера, то кого еще можно винить?”

Админ

Өмүрбек Текебаев: “Атамбаев мен Текебаевмин, мен эркекмин, сен эркек болсоӊ…!”

Админ

Полиция Тблисидеги митингди таркатуу үчүн желим окторду колдонду

Админ

Инстаграмдын 49 миллион колдонуучусунун маалыматтары интернеттеги ачык базада сакталып келген

Админ