5 C
Бишкек
17.10.2019
Жаңырык

Жамандан жаан, жакшыдан бөөн деген ушул тура…

Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун кызы Чирин Айтматова деген бар. Ал, “ата баркы менен кыз өтөт, соодагер баркы менен бөз өтөт”-дегендей атасынын кадыры менен “Ата Мекен” партиясы катарына чакырып бир кезде депутат кылып койгон. Депутат болуп турганда дагы эси жоктук жоруктары менен таанымал болгон. Ар убак Жогорку Кеӊештин жыйынына көзү шишип, чачын тарабай кечигип келчү. Кээ күндөрү креслого чалкалап эле уктап калган учурлары дагы болгон. Барынан кызыгы Ширин Айтматова депутат мезгилинде ЛГБТ (гей-лесбиянкалар) мүчөлөрүн колдоп, алардын укуктарын мыйзамдаштыруу, бир жыныстагы адамдардын никеге турушун демилгелеп айтып чыккан. Акыркы жолу Ширин Айтматованын унаасына уурулар кирип карактап кетип, текшерүү учурунда унаанын ичи толо эле презервативдер чыкканын эстебесек, анын акыл-эстүү бир дагы жоругун эстөө кыйын.
Ошону менен кабары чыкпай кеткен Ширин Айтматова жакында коомчулукта кайра пайда болду. Баягындай эле эси жоктук жоругу менен. Элдин көпчүлүгү сөз кылып талкуулап жаткан Райымбек Матраимовго асылып чыкты. Анын сүрөтүн ар кайсы жерге тартып, шаардагы турак жайлар, жолдорго чейин булгап чиймелеп жүрөт. Мейли, Райымбек Матраимов идеалдуу эмес инсан экен дейли, мындай булганыч демилгеси менен Ширин Айтматова деле өзүнүн акылы жок, кимдир бирөөнүн кадыр баркын тебелеген деӊгээли төмөн адам экенин далилдеп жатпайбы?!

Ширин Айтматованын демилгеси менен Райымбек Матраимовдун сүрөттөрү краска менен чачылып көп жерге түшүрүлдү. Эл жашаган турак жайлардын жашоочулары убара болуп сүрөттү тазалады. Көпчүлүк баскан парктагы жолдорго дагы краска менен Матраимовдун сүрөтүн тартып чыгыптыр. Эми дааратканага дагы тартам деп мынтип сүрөтүн чыгарыптыр. Шариятта дагы, адамдык эрежелерде дагы кимдир бирөөнүн келбетин шылдыӊдап, көрүнгөн жерге түшүрүп, аны тебелөөгө жол берилбейт. Райым Матраимовдо кеги болсо барып өзүнө айтсын, өчү болсо сотко берсин. Мынтип эси жоктук кылып, атасынын сакалы менен ойнгогон чалжыке кыздай эле Райымбек Матраимовдун сүрөтүн көрүнгөн жерге тарта берген кантип болсун?
Мындай жоругу менен атасынын атын булгап жатканын Ширин Айтматова билбейт окшойт? Же, Матраимовду сүйүп калып, ага кантип жабышуу жолун таппай эле тийишип жатабы деген ой кетет. Андай болсо сүйүү катын коомдук жайларды булгабай, өзүнө барып айтпайбы? Анан калса Матраимовдун үй-бүлөө, бала-чакасы бар. Жеӊил желпи жашоого көнүп калган Ширин Айтматованы ал карабаса дагы керек. Ширин кыз, эсиӊе кел, коомдук жайды булгаба!

Окшош жанылыктар

ТИМ Түркия элчисин өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды

Админ

«Фактчек» сайты эмнеге Атамбаевди колдогон 100 фейк аккаунтту текшербейт? Себеби жөнөкөй эле…  

Админ

Парламентте «Мегакомдун» башчысы куугунтукталып жатканы айтылды

Админ

Турсунбек Бейшенбеков, журналист: «Текебаев тарыхта баатыр болсо, Атамбаев ууру бойдон калды!»

Админ

Равшан Жээнбековдон жийиркенген журналист анын бетине түкүрдү

Админ

Преданность хороша лишь для собак. С кого берут пример Карамушкина и Кодуранова?

Админ