5 C
Бишкек
17.10.2019
Жаңырык

Алга Кылычев: «Кой-Ташта спецназды барымтага алган операцияны Кундуз Жолдубаева уюштурган»

Ушул жылдын 7-8-август күндөрү Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш элдик республикасын түзүү аракетин көрүп штаб ачкан. Ал, өзүнө караштуу адамдары менен бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган. Мыйзам чегинде сурак берүүдөн баш тартып, бир нече жолку чакыруудан баш тартып келген эмес. Аны суракка алып келүүгө барган күч органдарынын кызматкерлерин барымтага алып, бир кызматкерди атып өлтүргөн. Бул боюнча экс-президент жана анын жакындары камакка алынган. Атамбаевдин штабынын активдүү мүчөсү Алга Кылычев дагы камакта сурак берүүдө. Ал кечээ Алмазбек Атамбаев бийликти кан төгүү жолу менен басып алууга аракет кылган деп көрсөтмө берди. Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин дагы бир маалыматында Алга Кылычев спецназдын кызматкерлерин барымтага алууну Кундуз Жолдубаева уюштурганын айткан.

Бүгүн 9-октябрда КСДП партиясынын мүчөсү, АШАнын маалымат катчысы болуп жүргөн Кундуз Жолдубаева ИИМдин тергөө башкармалыгына суракка кирип кетти. Ал буга чейин дагы бир нече ирет Кой-Таштагы 7-8-августагы окуялар боюнча сурак берип чыккан.
Анын адвокаты Замир Жоошевдин айтымында Кундуз Жолдубаева эми күбөдөн шектүү макамына өткөрүлүшү мүмкүн. Себеби, буга чейин Кундуз Жолдубаева Алга Кылычев менен беттештирилген экен.
«Буга чейин Кундуз Жолдубаева Алга Кылычов менен беттештирилген. Анда Кундузга каршы көрсөтмө берилген. Тергөө органы ушунун негизинде «Кылычов берген көрсөтмө жетиштүү» деп чечим кабыл алышы мүмкүн», — дейт ал.

Демек, Алга Кылычев Кундуз Жолдубаева 7-8-августта болгон Кой-Таштагы башаламандыкты жана спецназдарды барымтага алууну да уюштурганын анын бетине эле айтып берген болуп жатабы?

Окшош жанылыктар

Адилет Айтикеев, журналист: “Сооронбай Жээнбеков түндүк-түштүк кылып бөлүп жатат дегендер туура эмес!”

Админ

Атың чыкпаса жер өрттө же ар кимге компромат издеп, акча тапкан журналист Жолдошбек Алиев

Админ

Асыл тукум мал чарбалары мамлекеттик колдоого алынат

Админ

Жамин Акималиев, коомдук ишмер: «Атамбаевдин акылы болсо тизелеп келип кыргыз элинен кечирим сурашы керек»

Админ

Столкновения и беспорядки нужны в Кой-Таше

Админ

ШКУ саммитине 11 өлкөнүн башчысы келет

Админ