5 C
Бишкек
17.10.2019
Жаңырык

Алга Кылычев: «Атамбаев бийликти күч колдонуп басып алууга даярданып, аракет жасаган»

7-8-августта Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин хансарайында болгон окуядан кийин анын ишенимдүү адамдарынын бири Алга Кылычев да башаламандык уюштурууга айыпталып, камакка алынган болчу. Атамбаевдин акчасына ар кандай провокациялык иш-аракеттерди уюштуруп жүрүүчү Алга Кылычев тергөөдө Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик бийликти басып алуу жана мамлекеттик төңкөрүш жасоо планы болгонун айтып бергени маалым болду. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев маалымат булактарынын бирине билдирди.
«Алга Кылычев Алмазбек Атамбаев бийликти басып алууну жана мамлекеттик төңкөрүш жасоону каалаган деп билдирип жатат. Ал КСДПнын мүчөлөрү Кундуз Жолдубаева, Амантур Жамгырчиев, Мээрбек Мискенбаев жана Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевге карата да көрсөтмө берди. Алга Кылычевдин сөзү боюнча бул адамдар массалык башаламандыкты жана барымтага алууну уюштурушкан», — дейт Замир Жоошев.
Демек, Алга Кылычев акыры өзүнүн акыркы убактарда туура эмес жолдо жүргөнүн, «кожоюну» АШАнын акчасына азгырылып кеткенин мойнуна алып турса керек. Жеке адамдын кызыкчылыгы үчүн мамлекеттин бүтүндүгүнө кол салуу, элдин ынтымагына доо кетирүү аракеттерине эми мындан ары жол берилбеши керек. Дал ушундай бузукулардын айынан мамлекетибиздин өнүгүүсү кечеңдеп жатканы түшүнүктүү эмеспи.

Окшош жанылыктар

Камила Талиева, экс-вице-премьер-министр: “Атамбаев жеңил пиар жасап, спектакль коюуда”

Админ

Экс-президент скоро отправится на лечение в одну из психиатрических клиник России

Админ

Фарид Ниязов: «Кыргыз каганаты болгон эмес!»

Админ

Адиль Турдукулов: “Атамбаев деле болбой калды”

Админ

ТИМ Түркия элчисин өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды

Админ

Зеленский президент катары алгачкы дайындоолорду жасады

Админ