5 C
Бишкек
17.10.2019
Жаңырык

Алмазбек Атамбаев үч пистолетти мыйзамсыз бергени үчүн да кылмыш жоопкерчилигине тартылабы?

Өкмөттүн аппаратынын коопсуздук, укук тартиби жана коргоо жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмү секторунун башчысы Егор Скобеев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата Аскердик прокуратура козгогон дагы бир кылмыш ишинин алкагында кармалганы белгилүү болду.
2009-жылы Алмазбек Атамбаев премьер-министрлик кызматта отурганда криминалдык чөйрөдө «Решала» деген каймана аты бар Максим Каганскийге ТТ, CZ-75 жана Ярыгин («Викинг») деген үч пистолетти мыйзамсыз белек кылган болчу. 2010-жылы анын аялы Анастасияга белек кылган.
Егор Скобеев 2009-жылы министрлер кабинетинин коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматын аркалап турган. Ал учурда коррупцияга айыпталып жатат.
Айрым маалыматтарга караганда, Егор Скобеев азыр ооруканада атат. Ага операция жасалат экен. Андыктан аны ооруканада күнү-түнү тиешелүү укук коргоо органдарынын кызматкерлери кайтарууга алууда. Анын баш коргоо чарасы дарылангандан кийин каралат.
Белгилей кете турган жагдай, Россиянын Тергөө комитети да 2015-жылдын жайында Кыргызстандын өкмөт башчысы Мамдуманын депутатына жана дагы эки алдамчылыкка шектүүгө Glock-19 пистолеттерин белек кылган-кылбаганын териштирген болчу. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы билдирет.
Басылманын маалыматы боюнча. Россиянын башкы прокуратурасы Тергөө комитетине КПРФ партиясынын атынан Мамдумада депутат болгон Денис Вороненков жана дагы алдамчылык боюнча кылмыш ишинин эки фигурантынан табылган белекке берилди делген Glock-19 пистолеттеринин мыйзамдуулугун текшерүүнү буюрган. «Алар пистолеттер менен 2011-жылы Кыргызстандын премьер-министринен сыйланган», — деп жазат «Коммерсант».
Табылган документтерге караганда пистолеттер жана андагы 50дөн патрондор аларга ошол убактагы Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев тарабынан «КР ИИМинин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» деген буйрук менен берилиптир.
Бирок, тергөөнүн жүрүшүндө белекке берилген куралдар Австриядан сатылып алынганы жана ал жактан түз эле Россияга барганы белгилүү болгон. Кыргызстанга келген эмес. «Дал ушул куралдын Россия Федерациясына жеткирилген жагдайы башкы прокуратураны кызыктырат. Депутаттын сөзү боюнча Кыргызстандын ИИМинин материалдык-техникалык камсыздоосуна ал өзү катышкан эмес жана ага эч кандай тийешеси жок. Баш прокуратураны кызыктырган дагы бир жагдай, чекист Мурзиков сыйлыкка берилген курал үчүн акчаны Кыргызстандын ИИМи эмес, депутат Вороненков акча төлөгөн. Glock-19 NRGK004 көрсөтмөлөргө караганда 150 миң долларга алынган. Ал эми ишкер Виталий Качурдун берген көрсөтмөсүндө 2011-жылдын майында Денис Вороненков ага жана Мурзиковго өзүнүн Кыргызстандын ИИМиндеги тааныштары аркылуу ведомствого материалдык жардам катары 150 миң доллар көрсөтүп, сыйлыкка курал алууну сунуштаган. Чынында, ал акчаны кыргыздарга эмес, КПРФнын депутатына төлөгөн», — деп жазат басылма.
Демек, Атамбаев премьер-министрлик кызматта туруп, Россиянын Мамдумасынын депутатына сыйлыкка курал берген киши болуп, анан алардан 150 миң доллардан акча алган болуп жатабы? Муну мамлекетке жасалган чыккынчылык деп гана эсептөөгө болот эмеспи.

Окшош жанылыктар

Жансоогалап Путинге кеткен Атамбаевдин тилегин таш капты

Админ

О чем умолял Жээнбекова Атамбаев?

Админ

Турсунбек Бейшенбеков, журналист: «Текебаев тарыхта баатыр болсо, Атамбаев ууру бойдон калды!»

Админ

Солтон Сары: Лицензия Атамбаевдин убагында, Зилалиевдин колу менен берилген

Админ

Ирина Карамушкина подтвердила выезд Мирбека Айтикеева в Штаты . По ее словам их «соратник » сейчас находится рядом со своим скандально известным братом  

Админ

Азиз Батукаевди чыгарганда, Аида Салянова “Батукаевдин чыгышы мыйзамдуу” деп айткан  

Админ