3 C
Бишкек
18.11.2019
Жаңырык

Адиль Турдукулов: “Атамбаев деле болбой калды”

КСДПнын саясий кеӊешинин мүчөсү, Алмазбек Атамбаевдин жакындарынын бири Адиль Турдукулов буга чейин Атамбаевди көкөлөтүп мактап, анын тарабында болуп келген. 3-июлдагы митингде Турдукуловго сөз берилбей, ал тургай Мээрбек Мискенбаев менен Темирлан Султанбеков деген жаш баланы мактаган Атамбаев, Турдукулов тууралуу сөз дагы кылбай койгон. Мындай мамиле Турдукуловду таарынткан окшойт, митинг соӊунан кийин эле “Сапар Исаков таза эмес, андай коррупционер келечекте мамлекеттик кызматка келбеши керек”-деп пост жазган. Аны менен катар маалымат каражаттарында “Адиль Турдукуловго Атамбаев 2 бөлмөлүү батир убада кылып бербей коюптур”-деген маалымат тараган. Бүгүн, 5-июль күнү Адиль Турдукулов “Фейсбуктагы” өздүк баракчасына “Атамбаев тоже болбой калды. Фортуна отвернулась от него” –деп жазып, бир аздан кийин постун өчүрүп салган.

Бул жаштардын катарын толуктаган саясатчы Адиль Турдукулов Атамбаевге каршы чыгып, анын командасын коррупционер жана мамлекеттин душмандары деп атап жүрчү. Кийин элдин таӊ калтырып өзү сындаган тарапка өтүп кетип, мактап дагы баштаган. Эми аз өтпөй кайра жамандап баштаганы таӊ калтырбай деле калды. Адиль Турдукулов туруксуз, позициясы түшүнүксүз, кыска кызыкчылык менен жашаган, командага ишенимсиз экенин дагы бир жолу тастыктады.

Окшош жанылыктар

ТИМ Түркия элчисин өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды

Админ

Мягок и ковок, кто хитер и ловок

Админ

Баяна Кулова: “Ширин Айтматова атасы айткандай манкурт, кыргыз тилин билбейт, Жогорку Кеӊешке келип уктап кетчү”

Админ

Камила Талиева, экс-вице-премьер-министр: “Атамбаев жеңил пиар жасап, спектакль коюуда”

Админ

Экс-президент Атамбаевдин баласынын афёрасы… же өзбек президенти Ш.Мирзиеёвдин атын сатып, бизнес кылгысы келген Атамбаевдин уулунун кылыктары

Админ

Бакыт Бакетаев, саясат таануучу: “Атамбаев керт башын ойлоп партиядан кетүүгө аргасыз болду’’

Админ