3 C
Бишкек
18.11.2019
Жаңырык

Раиса Атамбаева: “Ачка калган бекерчилерди тойгузуп, куттуу үйүмдү тебелетпейм, болду жетишет!”

Мындан 3 күн мурун Кой-Ташта топтолуп, күндө тамак жеп, мас болуп алып Атамбаевдин короосун булгап кусуп, эки-экиден тамак талашып урушкан бекерчилерге Раиса Атамбаев катуу ачууланыптыр. Ал, элдин көзүнчө эле угуза “ушул бекерпоздордон пайда деле жок, куттуу үйүмдүн төрүн тебелеп, эшиктин алдын мусорго толтурду. Сасыктарды эмнеге кармап отурасыӊар, кетиргиле, мен алардын курсагын тойгузганга милдеттүү эмесмин!”-деп кыйкырыптыр. “Элдик штаб” деп ачып алып, келген элди ирээттей албай, жалаӊ мас-бекерчилер басып кеткен. Алар эшиктин алдындагы көлөкөдөгү көк чөпкө оонап уктап, туруп эле буканын эти басылган пловду жеп кыйла күн жыргашты. Атамбаев аларды топуратып, “мына мени элдер колдоп атат, жети дубандан келди”-деп өзүн сооротуп жаткан. Аларга эмне, курсагы тойсо болду да, “биз Атамбаев менен!”-деп кыйкырып коюп, үч маал ысык тамак жеп чер жазышты.

3-июлда “Медиа-Форумдун” алдына митинг кылабыз, жүргүлө деп машинеге салып жөнөгөндө көбү ошол жерден эле куйрук түйсө, жарымы шаарга жетип алып түшө качышты. Ал тургай ал жерге Атамбаевдин айылдаштары деле басып келбептир. Тамак жасап, элди тейлеп жүргөндөр башка жактан жалданып келгенин жергиликтүү эл айтып жатат.

Элдин колдоосунан ажырап, үйүнө ач калган бекерчилерди толтуруп алган Атамбаев, алардан кутулуу үчүн аргасыз штабын жаап тынды. Ал ортодо алар короонун туш келген жерине отуруп, булгап салыптыр дейт. Раиса жеӊебиз ачууланып кыйкырганынча эле болуптур. Кызматтан кетип, бирок келген президентке аталык кылып, Хан сарайда чалкалап жатып алып элди башкарам деген кыялы орундалбай, күнү Мээрбек Мискенбаев менен Ирина Карамушкинага түшүп, ойду-тоону дөөрүгөн Темирлан Султанбековдон башкага кереги жок болуп калганын кайдан билсин. Айтор, элге кыянаттык кылып, эси жоктук менен эсирип көпкөн Атамбаевдин аягы аянычтуу бүттү. Бул кийинки президенттерге сабак. Атамбаев өз өлкөсүндө элине батпай, өзүнө өзү түрмө салып, ээн-эркин баса албай калды.

Окшош жанылыктар

Мягок и ковок, кто хитер и ловок

Админ

Экс-президент скоро отправится на лечение в одну из психиатрических клиник России

Админ

Өмүрбек Текебаев: «Тарыхый иштердин барын Адахан эмес,  Сооронбай Шарипович жасап жатат!»

Админ

Бакыт Бакетаев, саясат таануучу: “Атамбаев керт башын ойлоп партиядан кетүүгө аргасыз болду’’

Админ

Адиль Турдукулов: “Атамбаев деле болбой калды”

Админ

Германия: 85 адамды өлтүргөн санитар өмүр бою эркинен ажыратылды

Админ