Бизнес

Алмазбек Атамбаев, “Кыргызстан бизнес үчүн – рай болот”-дечү эле, көрсө Рая үчүн рай болгон экен!

Алмазбек Атамбаев убагында Кыргызстан ишкерлер үчүн бейиш болот, бардык шарттар түзүлөт деп көп айтчу. Мына бүгүн кайсы бизнесмендер үчүн Кыргызстан “рай” болгону билинип отурат. Чет өлкөлүк курулуш компаниясын рейдерлик жол менен тартып алып, чоӊ кылмыштык махинацияга барган ишке Раиса Атамбаева өзү аралашып, ишкерлерге бейиш эмес, тозок кылып жүргөнү ачыкталды.

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев Раиса Атамбаеванын үстүнөн ага  каршы көрсөтмө берди. Анын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайына каршы көрсөтмө берип жатканы тууралуу укук коргоо органдарынын видеосу коомдук «Ала-Тоо 24» телеканалында 2-июлда жарыяланды. «Көлөкө. Инвесторлордун мүлктөрүнө кол салган Атамбаевдин эң жакын адамдары» деп аталган программада Арабаев Раиса Атамбаева аны курулуш компаниянын ишин сотто кароого көмөктөшүүнү сураганын айткан.

Ошондой эле Атамбаевдин жубайы Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы, «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Алдамчылык», «Коррупция» жана «Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу» беренелери менен айыпталып жаткан Элвира Жаркееваны колдоону да өтүнгөнүнө токтолгон.

Телеберүүдө инвесторлордун мүлктөрүн рейдерлик жол менен тартып алууга экс-президенттин эң жакын адамдары, жубайы, анын баласы аралашканы айтылган. Манас Арабаев тергөө менен кызматташып жатканы да белгиленген.

“Мени мажбурлап, ал тургай тынымсыз СМС жазып, эгер ал ишти кылбай турган болсом катаал жаза менен жазалай турганын эскерткен. Мен ал ишке кызыкчылыгым жок болчу, Раиса Атамбаева мажбурлаган. Анын мага жазган СМС билдирүүлөрү, телефон чалуулары боюнча далилдер бар”-деп кошумчалаган.

Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева учурунда көп аты аталбаганы менен, ири ишкерчиликтерге тымызын аралашып, башкалар аркылуу акча кылып жүргөнү тууралуу маалыматтар бар. Учурдагы Бишкек шаарында жайгашкан “Нават” чайханалары дагы Раиса Атамбаевага таандык экени айтылып жүрөт. Ишкерчиликте өзүнө бейиштегидей шарт түзүп, башкалардын бизнесин тартып алган Атамбаева, эми тозоктогудай жооп бериши керек

 

 

 

 

Похожие новости

Кыргызстан менен Өзбекстан бирдиктүү виза киргизүү маселесин талкуулоодо

Админ

Азиз Батукаевди бошотууга катышы барлар бири-бирин сата башташты  

Админ

Алмазбек Атамбаев 30 жылдан бери айылдаштарына эт таратканын айтып мактанды

Админ

Комментарии калтыруу