Дүйнө жаңылыктары

Түркмөнстан банктары өлкө ичинде акча которууларды токтотту

Түркмөнстан банктары апрель айынан бери өлкө ичинде акча которуу операцияларын көрсөтүүнү токтотту. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы билдирди:

–Түркмөнстандын «Halkbank» коммерциялык банкы апрелде «Гырат» кызматын көрсөтүүнү токтотту. Бул өлкө ичинде улуттук валютада акча которгон жалгыз кызмат болчу. Бу кызматтын токтошу менен өлкө банктары акча которуу мүмкүнчүлүгүн жоготушту.

Кабарчы коопсуздук маселелеринен улам атын атаган жок.

Анын айтымында, эми акчаны почта менен гана жөнөтүүгө мүмкүн. Почта аркылуу акча жөнөтүүдө кызмат үчүн 10% комиссия алынат. Түркмөнстандыктар төлөм акы жогору экенине нааразы. Мындан тышкары почта менен жөнөтүлгөн акчаны алуу үчүн бир нече жума күтүүгө туура келет.

«Halkbank» коммерциялык банкынын сайтында акча которууларды жүргүзүү кызматынын токтогону тууралуу маалымат жок.

Похожие новости

Тажикстанда диний партия түрмөдөгү тополоңдо өлгөндөрдүн саны кыйла көп экенин билдирүүдө

Админ

«Ойгон, Казакстан» кыймылынын активисттери реформаларга чакырууда

Админ

Зеленский Донбасстагы жаңжал болуп жаткан аймакка барды

Админ

Комментарии калтыруу