5 C
Бишкек
17.10.2019
Жаңырык

Кыргызстан менен Өзбекстан бирдиктүү виза киргизүү маселесин талкуулоодо

Ош шаарында Кыргызстандын Жогорку Кеӊеши менен Өзбекстандын Олий Мажлисинин ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын II жыйыны өтүүдө. Иш-чарада Борбор Азия өлкөлөрү ортосунда бирдиктүү виза киргизүү маселеси каралууда.

Өзбекстан менен Казакстан Евробиримдиктин Шенген визасы сыяктуу «Silk Visa» же «Жибек жолу визасын» быйыл февралда ишке киргизмек. Эки мамлекеттин башка өлкөлөргө карата визалык эрежелери түрдүү болгонуна байланыштуу планды жүзөгө ашыруу кечеңдеген.

Өзбекстандын мамлекеттик туризм комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Улугбек Касимходжаев тараптар «Жибек жолу визасын» ишке киргизүү үчүн жигердүү иштеп жатканын билдирген. “Убакыттын создугуп жатышынын негизги себеби – эки өлкөнүн визасыз режим боюнча жол-жоболору ар башка. Казакстанда визасыз режимге кирген өлкөлөрдүн өзүнчө, бизде өзүнчө тизмеси бар. Башкы максат бул өлкөлөрдүн эки тарапка тең ынгайлуу тизмесин түзүү керек”, – деген ал.

Буга чейин «Silk Visa» долбооруна Борбор Азиядагы дагы эки мамлекет — Тажикстан менен Кыргызстан келечекте кошулууга ниеттенип турганы кабарланган. Азербайжан менен Түркияны да жаңы программага тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.

Окшош жанылыктар

Жамилия Насирова, журналист: “Раиса Атамбаеванын былыктары чыгып жатат, ал деле Майрам Акаевадан кем калган эмес тура”

Админ

Алмазбек Атамбаев 30 жылдан бери айылдаштарына эт таратканын айтып мактанды

Админ

Азиз Батукаевди бошотууга катышы барлар бири-бирин сата башташты  

Админ

“Азаттыктын” иликтөөсүнүн башында Кундуз Жолдубаева турганбы?

Админ

Алмазбек Атамбаев, “Кыргызстан бизнес үчүн – рай болот”-дечү эле, көрсө Рая үчүн рай болгон экен!

Админ

Аалы Карашевдин бир тууган карындашы абитуриентти окууга өткөрөм деп 2500 доллар алып, убадасын аткарбай койгон…

Админ