3 C
Бишкек
18.11.2019
Жаңырык

Атамбаевге сатылган “Азаттыктын” журналисти Атамбаевдин партиялашы болуп чыкты

Жакында, жалаӊ Алмазбек Атамбаевдин уйгур досторун жана аларга таандык ишканаларды Райымбек Матраимовго таандык, алар Кыргызстандан 700 миллион доллар чыгарып кетти деп ушак тараткан журналист Али Токтакунов КСДПнын мүчөсү экен. Муну журналисттер тактап, Али Токтакуновдун өзүнөн дагы сурап койсоӊор болот. Эгер ал, кечээкидей “мен качан айттым?”-деп чалкасынан кеткендей танып, мойнуна албай койсо анда биз далилдерди көрсөтүүгө даярбыз.

Журналистиканын эрежеси жана мыйзамдары боюнча журналист эч кайсы саясий топтун же партиянын мүчөсү болбошу керек. Өздөрүн эл аралык стандарттарга жооп беребиз деп мактанып келген “Азаттык” радиосунун журналисти 10 жылдан бери КСДПнын мүчөсү турбайбы? Ошого Алмазбек Атамбаев Али Токтакуновду тандап, ал аркылуу жалган жалааларды айттырып жаткан экен да көрсө. Экс-президент “Азаттыктагы” партиялашы аркылуу каралоо уюштуруп, кадыр-баркы бар “Азаттыктын” атына шек келтирип жатат.

Али Токтакунов журналисттик иликтөө кылдым деп, Эдил Байсаловдун материалдарын уялбай эле уурдап, аны бурмалап салган.

Иликтөө башында, Али Токтакунов “Ака-инвест” компаниясына ээлик кылган адамдар менен Раим Матраимовдордун байланышы бар, алар аркылуу Кыргызстандан миллиондогон долларларды чыгарып кеткен деп күнөө койгон. Райымбек Матраимовго карата болуп жаткан каралоолордон кийин, анан калса “Райым миллион” деген каймана аты бар бул Матраимовго “Азаттыктын” каралоосу бат эле жабышып калды. Себеби, буга чейин коомчулукта “Азаттык радиосу калыс” деген ишеним бар болчу. Тилеке каршы “Азаттык” бул жолу калыстыктан тайып, ачык эле каралоо менен алектенди…

Журналист Али Токтакунов иликтөөсүндө, “Текер-Сай жаштары” жоопкерчилиги чектелген коому “АКА-инвест” компаниясын негиздеген адамдар тарабынан түзүлүп, 2014-жылы Ала-Букадагы “Касан” сурма кенин 4,5 миллион долларга сатып алганы жөнүндө сөз баштаган. Бирок, “Терек-Сай жаштары” ЖЧКсы тууралуу андан ары сөз эмнегедир уланбай калган. Журналист унутуп калдыбы же атайын айтпай койдубу деп эч ким дагы кызыккан жок. Кызыктын баары мына ушул жерде.

Эсиӊерде болсо, өткөн жылы Эдил Байсалов так эле ушундай иликтөө жасап “Азаттык” радиосу Матраимовдор менен байланыштырып жаткан уйгур тектүү адамдардын ысымдары экс-президент Алмазбек Атамбаев менен байланышы бар экени ачык жана айкын далилдер менен көрсөткөн болчу. Негедир, ал ысымдар бурмаланып, Райым Матраимовго жабыштырылып калды.

Иликтөө кылган журналист тарабынан атайын жашырып айтпай койгон “Терек-Сай жаштары” жоопкерчилиги чектелген коому жөнүндө кызыгып, ал тууралуу тийиштүү документтерди биз дагы колубузга алдык. Көрсө, аталган ЖЧК Токтосун Туманбаевге катталыптыр.

Туманбаев деген ким?

Ал, КСДП партиясынын активдүү мүчөсү, Икрам Илмияновдун жанында жүргөн кишилеринин бири. Жогорку Кеӊештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Исхак Пирматовдун жана мурдагы Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктары боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Улан Рыскуловдун жакын санаалашы. Бул төртөө чын эле абдан жакын адамдар экенин интернеттеги “Фейсбук” социалдык баракчасы аркылуу дагы текшерип дагы көрдүк. Аты аталган адамдар Токтосун Туманбаевдин “Фейсбуктагы” достору болуп чыкты.

“Терек-Сай жаштары” ЖЧКсы кимдер тарабынан жана кандай максатта түзүлгөнү эми ачыкталып жатат. Бул, компания Алтынбек Сулайманов, Исхак Пирматов жана Улан Рыскулов тарабынан түзүлүп, ар кандай ири долбоорлорго катышууга жана миллиондогон акча каражаттарын “адалдап” алуу максатында түзүлгөн. Убагында бул ишкана аркылуу миллиондогон акча каражаттарын чыгарып турган Алтынбек Сулайманов, Исхак Пирматов, Улан Рыскуловдордун үстүнөн Алмазбек Атамбаев өзүнүн жакын адамы Икрам Илмиянов аркылуу көзөмөл кылып турган. Икрам Илмиянов менен Алтынбек Сулаймановдун мамилеси жакын болчу. Ал тургай “Бир Бол” партиясы Икрам Илмиянов тарабынан колдоого алынганы жашыруун деле эмес.

Журналисттик иликтөөдө, эмнеге “Ака-инвест” компаниясы аркылуу түзүлгөн “Терек-Сай жаштары” ЖЧКсы тууралуу сөз уланбай калган деген суроо туулат. Себеби, “Терек-Сай жаштары” ишканасынын изи менен Алтынбек Сулайманов, Исхак Пирматов, Улан Рыскуловдордун аты чыгып калмак. Ошол себептүү, “Азаттык” иликтөө кылганда бул ишкана тууралуу сөз кылбай, бурмалап элдин башын атайын айландырышкан. Алтынбек Сулайманов изин жашыруу максатында “Азаттыкка” документтерди алып келип берип, өзүнүн былыктарын Райым Матраимовдорго буруп кутулууну көздөгөн.

Кыргызда, “бирөөгө ор казсаӊ тайыз каз, өзүӊ түшүп каласыӊ” деген сөз бар. Анын сыӊарындай Алтынбек Сулайманов өзүнүн көзүндөгү чылпакты алам деп, көзүн чукуп алмай болду.
“Азаттыктын” соӊуна чыкпай калган жана атайын бурмаланган иликтөөсү тууралуу тийешелүү органдар иш алып барып, текшерип кылышы керек. Мунун артында чынында эле көп сыр жатышы мүмкүн. Бул жерден жеке эле Матраимовдор эмес, экс-президент Амалзбек Атамбаев, Икрам Илмиянов, Исхак Пирматов, Алтынбек Сулайманов, Улан Рыскуловдордун дагы куйруктары чыгышы турган иш!

“Ака-инвест” жөнүндө сөз ушуну менен эле бүтпөйт. Көӊүлүӊөрдү дагы бир “АКА” менен башталган чет өлкөдөгү ишканага бурабыз. Туркия мамлекетинде экс-президентке таандык “АКА-hotels” деген мейманканасы бар. Бул Кыргызстандагы “АКА-инвест” ишканасына жана анын түзүүчүсү уйгур тектүү жарандар менен Алмазбек Атамбаевдин байланышы бар экени тууралуу дагы бир далил.

Окшош жанылыктар

Атамбаев жакында жигиттик кадамга барат экен, кулак түрүп күткүлө!

Админ

БУУ: Кыргызстан дүйнөдө биринчи болуп жарандык алуу көйгөйүн чечти

Админ

Алмазбек Атамбаев уюштурган “коррупцияга каршы” митингине 5000 сомдон таратып жатканы белгилүү болду

Админ

“Жер казынасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди

Админ

Алга Кылычев: Мирбек Айтикеев устроил беспорядки специально, ради получения убежища в Европе

Админ

Өмүрбек Текебаев: “Атамбаев мен Текебаевмин, мен эркекмин, сен эркек болсоӊ…!”

Админ