5 C
Бишкек
17.10.2019
Жаңырык

Тажикстанда беш жылдыздуу Hyatt Regency Dushanbe мейманканасы сатыкка коюлду

Тажикстандын баш калаасындагы беш жылдыздуу Hyatt Regency Dushanbe мейманканасы сатыкка коюлду. Бул тууралуу өлкөгө инвестицияларды тартуу менен алектенген «Тажинвест» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Мекеменин билдирүүсүндө мейманкананын баасы көрсөтүлгөн эмес. Бирок 2009-жылы объект пайдаланууга берилгенден кийин ага ээлик кылган компания курулушка 140 миллион доллардан ашык каражат жумшаганын билдирген.

6-июнда өз булактар мейманкананын баасы кызыгуусун билдирген ар бир инвестор менен өз алдынча талкууланып жатканын билдиришти. Алардын айтымында, объектинин болжолдуу баасы 150-160 миллион долларды түзүүдө. Бирок бул боюнча азырынча расмий билдирүү жок.

1,3 гектар жерде жайгашкан мейманкананын пайдалануудагы аянты 38 миң чарчы метрди түзөт. Учурда анда 190 адам иштейт.

Азырынча «Созидание» компаниясына таандык Hyatt Regency мейманканасынын эмнеге сатыкка коюлганы белгисиз.

Окшош жанылыктар

Казакстанда кудукка түшүп кеткен төрт коммуналдык кызматкер мерт болду

Админ

«Ойгон, Казакстан» кыймылынын активисттери реформаларга чакырууда

Админ

Эйфель мунарасына чыгып алган орус жаранын психиатрга жөнөтүштү

Админ

Анжиянда мугалимдер 50 миң сумдан битир-садага берүүгө мажбурланууда

Админ

Өзбекстандагы үч аэропорт оффшор компаниянын башкаруусуна өтүшү мүмкүн

Админ

Лукашенко Казакстандан Беларуска мунай жеткирүүнү сунуштады

Админ