Экономика

Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион доллар Атамбаевдин учурунда болгон

Кечээ, “Азаттык” радиосу журналисттик иликтөө кылып, Кыргызстандан 700 миллион доллар чыгып кеткенин жарыялады. Ал суммаларга  болжолдуу Райымбек Матраимовдун тийешеси болушу мүмкүн деп белгилешти.

Радионун журналисти такталбаган маалыматтарга таянып, аталган суммалардын басымдуу бөлүгү Райымбек Матраимовдун жакындарыныкы болушу мүмкүн деп токтолду.

Барынан кызыгы аталган суммалар 2011-2017-жылдар аралыгында чыкканы аныкталган.

Бул журналисттик иликтөөгө таянып, экс-президенттин жакындары азыркы бийликке доо коюп, иликтөө болуп, тийешеси барлар жазалансын деген талап кылышууда. Ал тургай социалдык баракчалар аркылуу, “эгер Матаримов жазаланбаса, анда Акүйгө нааразычылык акциясы менен чыгалы”,-деп жазып жатышат.

Эмне шылтоо болсо дагы бийликке каршы колдонууга көнүп алышкан атамбаевчилер бир аз ойлонушса болмок. Себеби, бул сыртка чыгарылган акчалар дал ошол Атамбаев өлкөнү башкарган жылдарга туура келет. Демек, мындай шалаакылык жана экономикалык диверсияга Алмазбек Атамбаевдин бийлиги жол берип, же ажо өзү аралашкан болушу толук мүмкүн.

Бул маселе чынында иликтенип, ушундай шалаакылыкка эмнеге жол берилгени, анын канчалык деӊгээлде мыйзамга каршы келгени, бул үчүн мамлекет ири чыгымдарга дуушар болгонбу, аныкталышы керек. Эгерде мамлекет булкаржылык операциялар үчүн жабыркаса, анда ошол кездеги тийешелүү чиновниктер жазаланышы турган иш.

Бул экономикалык кылмыштардын учу, кайра эле барып Алмазбек Атамбаевге такалышы мүмкүн. Эмнеге дегенде, буга чейин Алмазбек Атамбаев Райымбек Матраимовго каршы сүйлөп келген. Акыркы жолу Матраимов экс-ажого жооп берип, “мен сизди сыйлап унчуккан жокмун, менде дагы көп маалыматтар бар. Эгер каралоону токтотпосоӊуз, өзүӊүзгө жараша жооп аласыз”-деген катуу эскертүү алгандан кийин, Атамбаев үн катпай, ал тургай саясаттан дагы качып кетти. Ушул мисалдарды эске алып, 2011-2017-жылдар аралыгында болгон каржылык операцияларга Атамбаевдин дагы тийешеси толук болушу мүмкүн деп болжолдосок болот. Атамбаевдин унчукпай калган себебинин бири – Дача-Судагы аиакырсык боюнча сыр жана Кыргызстандан чыгарылган миллиондорго аралашып алганы.

Похожие новости

Матраимовдор фондуна Түркиядан 2,3 миллион доллар которулганы белгилүү болду

Админ

Алмазбек Атамбаев өзүнүн коррупционерлерин коргоп митинг кылат. Албек Ибраимовдун мыйзамсыз чогулкан байлыктарынын тизмеси

Админ

Незаконные махинации с АО «БЛВЗ» Чыныбая Турсунбекова

Админ

Комментарии калтыруу