Жанылыктар

Атамбаев Азиз Батукаевге алданып калганын мойнуна алды!

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын  депутаты Асел Кодуранова “Азаттык” радиосуна маек берип, экс-президент Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевге алданып калганын айтты:

“Алмазбек Шаршенович Азиз Батукаев боюнча Россиянын президенти Путинге бир-нече жолу кат жазып, “биз алданып калыппыз, Батукаевди кайтарып бергиле”-деген. Кат менен эле чектелбестен, жолугушканда дагы айткан”,-деп айтты.

Буга чейин Азиз Батукаев кыргыз бийлигинин башында отургандарга ири суммадагы доллар берип чыгып кеткенин, кийин ал сумманын жарымы жасалма болуп чыкканы айтылып жаткан. Көрсө, ал чынында эле ошондой болгону эми билинди. Атамбаевдин “алданып калыппыз”,-деп айтканы бекеринен эмес. Демек, Азиз Батукаев буларды алдап, жасалма акча берип кеткен. Бирок, алдангандан кийин баштарын ташка урса деле кеч болуп калган. Эми, колу менен кылган күнөөсүн мойну менен тарта турган мезгил келди.

 

Похожие новости

Атамбаев жакында жигиттик кадамга барат экен, кулак түрүп күткүлө!

Админ

Аида Салянова 26-июнга чейин камалды

Админ

Алмазбек Атамбаев: “Рая, мени жок деп кой, эшикти эч кимге ачпа!”

Админ

Комментарии калтыруу