Дүйнө жаңылыктары

Эйфель мунарасына чыгып алган орус жаранын психиатрга жөнөтүштү

Француз полициясы 20-майда Эйфель мунарасына чыгып, андан алты саат бою түшпөй койгон орусиялык делген жаранды психиатриалык ооруканага жөнөттү. Бул тууралуу AFP агенттиги полициядагы булактарына таянуу менен билдирди.

Кармалган кишинин тек жайы айтылган жок, бирок франциялык BFM каналы ал Франциядан башпаанек алууга аракет жасаган Орусия жараны экенин билдирди. Ал коопсуздук системасын кантип буйтап өтүп кеткени белгисиз. Бул окуядан кийин Эйфель мунарасы дүйшөмбү күнү туристтер үчүн жабык болду. Шейшембиде ага чыгып алган киши полицияда сурак берди.

Ага каршы маданий объектинин аймагына мыйзамсыз түрдө кирүү боюнча айып тагылышы мүмкүн.

Похожие новости

Зеленский Донбасстагы жаңжал болуп жаткан аймакка барды

Админ

Түркмөнстан банктары өлкө ичинде акча которууларды токтотту

Админ

АКШ Башар Асаддын күчтөрүн химиялык курал колдонууга айыптады

Админ

Комментарии калтыруу