2 C
Бишкек
18.11.2019
Жаңырык

Тажикстанда диний партия түрмөдөгү тополоңдо өлгөндөрдүн саны кыйла көп экенин билдирүүдө

Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясы» бийлик түзөтүү абагындагы тополоң маалында каза болгон адамдардын санын азайтып көрсөтүп жатканын билдирди.

Партиянын 20-майда жарыяланган билдирүүсүндө тополоңдо каза тапкан адамдардын саны Душанбе билдиргенден кыйла көп экени жазылган.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматы боюнча Вахдат районунда жайгашкан абактагы тополоңдо түрмөнүн үч кызматкери жана камактагы 29 адам каза болгон. Алардын арасында Ислам кайра жаралуу партиясынын үч мүчөсү болгону кабарланган.

«Ислам кайра жаралуу партиясы» 2015-жылы террористтик уюм деп табылып, өлкө аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Анда бул уюмдун көптөгөн мүчөлөрү камака алынган. Ал кезде Тажикстанда эң ири оппозициялык күч болуп турган партияга карата чыгарылган бул чечим сынга алынып, анда саясий боёк бар экендиги айтылган.

Тажик ИИМи абактагы тополоң маалында каза болгон камактагылардын арасында 17 адам «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун мүчөсү болгонун билдирген. Азырынча бул маалыматтарды көз карандысыз булактардын ырастоого мүмкүн боло элек.

Окшош жанылыктар

Хожент түрмөсүндөгү тополоңго айыпталган камактагылар Душанбе абагына которулду

Админ

Австриянын парламенти канцлер Себастьян Курцтун өкмөтүнө ишенбестик көрсөттү

Админ

Ферганада экологдорду «Өзбекстандын экологиялык партиясына» кирүүгө мажбурлашууда

Админ

Казакстанда кудукка түшүп кеткен төрт коммуналдык кызматкер мерт болду

Админ

Өзбекстандагы үч аэропорт оффшор компаниянын башкаруусуна өтүшү мүмкүн

Админ

Москвага кайрадан талиптер келди

Админ